Бишкектен Баткенге учкан ОсОО "TEZ Jet" компаниясынын учагы аба ырайына байланыштуу кайра "Манас" аэропортуна конду. Бул тууралуу "Манас" аба майданынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, TEZ107 Бишкек-Баткен каттамы Манас аэропортунан 11:10до учуп, кайра 11:26да Бишкекке конгону айтылат. Кайра кайтып келүүгө Баткендеги туруксуз аба ырайы себеп болгон. Мындан сырткары жүргүнчүлөргө сатып алган билеттеринин акчасы толугу менен кайтарылып берилген.
Эскерте кетсек, 1-мартта да Бишкек-Баткен аба каттамындагы "TEZ Jet" компаниясына таандык учак авариялык абалдан улам кайра "Манас" аэропортуна конгон.