Коопсуздук кеңеши Япониянын жаранынын жүйөлөрү ырасталгандыгын аныктады

Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы укук коргоо, сот жана көзөмөл органдары тарабынан коррупция жана мыйзамсыз аракеттердин фактылары боюнча жарандардын кайрылууларын карап жатат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Япониянын ”Кыял” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Матсуда Синдзинин кайрылуусу боюнча мурда козголгон кылмыш иши иликтөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн кайра кайтарылган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук прокурорунун улук жардамчылары Б.Доктурбеков менен М.Сооронкулов тартип жоопкерчилигине тартылышты.

Матсуда Синдзи президент Сооронбай Жээнбековго анын ишин жеке көзөмөлгө алууга жана ”Кыял” кайрымдуулук фондуна акчаны кайтарып берүүгө көмөктөшүүнү өтүнгөн.

Кайрылууда “Инклюзивдүү окутуу” коомдук фондунун директору Элнура Эмилканова япон жараны Матсуда Синдзи менен таанышып, ишенимине кирген соң, азиздер үчүн окуу борборун уюштуруу максатында квартира сатып алуу шылтоосу менен 2015-жылдын 8-июнунда 83 миң 10 доллар алганы жазылган. "Бул акчага Бишкек шаарындагы Панфилов көчөсүнөн батир сатып алып, аны өзүнүн атына каттатып, жабыркаган тарапты алдаганы айтылган. Эмилканова батирди оңдоого, керектүү жабдууларга деген негиз менен 3 миң 10 доллар да алган. Япон жараны Эмилканованын үстүнөн укук коргоо органдарына кайрылган. Тергөө япон жаранына жалпы суммасы 113 миң 20 доллар көлөмүндө материалдык зыян келтирилген деп таап, ишти Биринчи май райондук сотуна жиберген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан