Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 13-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, 24 жаштагы милициянын лейтенанты Э.И. 13-мартта кармалган.
"Буга чейин ИИМдин ички иликтөө кызматына жаран кайрылып, Октябрь РИИБинин Ислам аттуу тергөөчүсү аны коркутуп акча талап кылганын айтып кайрылган. Анын арызында жаран шектүү катары өтүп жаткан, кылмыш ишинен куткаруу үчүн тергөөчү 20 миң сом талап кылганы жазылган.
13-мартта саат 14:00дөр чамасында аталган тергөөчү жарандан 8 миң сом акча алып жаткан учурда кармалды. Ага карата 313-берене (опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Иши Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.