Бүгүн, 13-мартта АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Оштун "Алай" футболдук клубу конокто түркмөнстандык "Ахал" командасы менен беттешип, ири эсепте жеңилүү ызасын тартты.
Балканабад шаарындагы "Спорт Топлумы" аттуу стадиондо орун алган беттеште "Ахал" командасы 5:0 эсебинде "Алайды" жеңип алды.
Эсеп саны 27-мүнөттө ачылды, анда Сулейман Мухадов Гуванч Абыловдон пас алып дарбазанын сол бурчуна багытталган таамай сокку менен эсепти 1:0 кылды. Арадан 6 мүнөт өткөн соң Сулейман Мухадов кайрадан мыкты соккусу менен экинчи голду киргизди.
"Алайдын" оюнчулары өзүнө келе албай, 36-мүнөттө кайрадан дарбазасына гол өткөрүп жиберди. Анда Гуванч Абылов талаанын оң тарабынан чабуулга чыгып, таамай соккусу менен эсепти 3:0 кылды. 68-мүнөттө Гуванч Абылов экинчи голун киргизип, эсеп саны 4:0 болду.
Кыргыз футболчулары эсепти өзгөртүүгө бир нече жолу мүмкүнчүлүк алганы менен таамай сокку узата алышкан жок. Беттештин акыркы мүнөттөрүндө Нурьягди Мухаммедов эсепти 5:0 кылып, оюнга чекит койду.
Муну менен Оштун "Алай" командасы 2-ирет ири эсепте жеңилүү ызасын тартууда. Кыргыз футболчулары буга чейин өз талаасында "Алтын-Асыр" менен беттешип 3:6 эсебинде жеңилип калган.