Вайнер Эльдана Сатыбалдиева эмне себептен атасы анын социалдык тармактагы баракчасына кирбей тургандыгын айтты

Eldana_foureyes ысымы менен элге таанылган Кыргыздын белгилүү вайнери Эльдана Сатыбалдиева эмне себептен атасы анын социалдык тармактагы баракчасына кирбей тургандыгын айтты.

Бүгүн, 13-мартта Эльдана Сатыбалдиева атасы Эльмурза Сатыбалдиевди туулган күнү менен куттуктап өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына билдирүү жарыялаган.

Вайнер өзүнүн атасы менен түшкөн сүрөтүн жарыялап:

"Атам менин Инстаграмымды окубайт, ошол себептен ага болгон каалоо-тилектеримди бул жакка жазбай эле коёюн. Бир жолу атам мага "кызым, мен сенин Инстаграмдагы баракчаңа эч качан кирген эмесмин жана кирбейм дагы" деген. Мен эмне себептен атам мындай деп жатат деп ойлонгуча "анткени билем, сен муну каалабайсың" деп кошумчалаган", - деген билдирүү менен коштогон.

Эльмурза Сатыбалдиев 2007-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору болуп турган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Member
2018-03-13 21:27:46
Вайнер дегенинер эмнеси?
+9
ainur78007
2018-03-13 21:44:16
Member, 2секундтан,15-20секундка чейин тартылган кыска видеону Вайн дешет, ошол видеолорду тартып, элге жарыялап турган адамды Вайнер деп коюшат. Элдананын инстаграм баракчасына киргенден көрө кирбеген жакшы. Биздин менталитетке туура келбеген нерселерди кылат. Тообо деп жаканды кармайсын. Кыргызымдын кыздарына назиктик, ыймандуулук берсин.
+18
aman0296
2018-03-14 00:32:12
Кыздын кыздай болгону жакшы
+9
kubinis.kg
2018-03-14 02:37:11
Атан эле эмес мен дагы кирбейм сенин баракчана)
+8
kadyrym1
2018-03-14 05:32:14
kubinis.kg,жардын хаха
0
Elnura1997
2018-03-14 03:11:25
Ар кимдин озуно тиешелуу ою жашоо образы барда башкаларга кандай билбедимго бирок мен Элданадан бирда кыз назын коро албадым
+5
gulzar_gulu
2018-03-14 05:02:10
Омур баянында он жылга эркинен ажыратылган деп жүрөт го, 2024-жылы эркиндикке чыгыш керек экен.
+2
UmBaEl
2018-03-14 09:45:57
Пацанкага окшошуп, кантет кебетеси.
0
admin_superstan
2018-03-14 10:21:06
OFlCER, адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
admin_superstan
2018-03-14 10:23:13
Бирөөнүн дарегине карата далили жок маалыматтарды жазууга тыюу салынат.
0
Cleo-13
2018-03-14 12:02:40
Жакшынакай эле кыз экенго ....
+1
maksatbekova
2018-03-14 16:09:14
Ар бир адам озуно жаккан нерсени кылганга укуктуу.жакшы эле корунуш.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан