"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жалал-Абад облустук ооруканасынын директору: "Жаш балдар бөлүмүнө сырттан келген бейтаптарды кабыл алууга тыюу салынган"

Жалал-Абад облустук ооруканасынын балдарды кабыл алуу бөлүмүндө бейтаптарды кабыл алуу саат 8:30да башталып, чогулуш болгону аныкталган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ооруканасынын директору Жаныбек Карабаев билдирди.

"Жаш балдар бөлүмүнө карата жазылган арыз негизсиз, анткени бул бөлүмдө сырттан келген амбулатордук бейтаптарды кабыл алууга тыюу салынат. Бул бөлүмдө дарыгерлер жаткан бейтаптарга жардам гана көрсөтүшөт. Ал эми сырттан келген бейтаптар кабыл алуу бөлүмүнө кайрылуусу тийиш", - дейт мекеменин директору.

Ошондой эле Жаныбек Карабаев ооруканадагы кассага кезек күтүлүп жаткандыгы тууралуу да жооп берди.

"Учурда биз электрондук режимде иштөө системасына өтүп жатабыз. Анда бейтаптар төлөмдөрдү электрондук түрдө төлөшөт. Азыркы тапта бардык бөлүмдөр толугу менен электрондук форматка өтө элек, ар бир адам жөнүндө маалыматты киргизүүгө бир аз убакыт керек. Бул убактылуу көрүнүш, жакынкы күндөрү кезек күтүү маселеси ооруканада толугу менен чечилип, кезек күтүү жоюлат", - дейт ал.

Айта кетсек, SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына "Жалал-Абад облустук ооруканасынын балдар бөлүмү саат 9:00дөн өтсө да бейтаптарды көрүүнү баштай элек", - деген маалымат келип түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bahabaike
2018-03-13 21:06:56
Эмне учун башка жактан келгендерге тыйуу салынат?! А Гипократтын антын айтпай эле коеюн бизде кокус Оштон Бишкекке барып ооруп калсан Кудай эле сактасын кайра Ошко келишим керекпи?! Бул эмне деген шумдук?!
+3
warrior96
2018-03-14 07:28:15
Кайсыл ХХХХ мындай закон чыгарган .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан