Британиялык ырчы Зейн Малик менен модель Жижи Хадид сүйүү мамилелерине чекит коюшкандыгын жарыялашты

Британиялык ырчы Зейн Малик менен белгилүү америкалык жаш модель Жижи Хадид 2 жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүшкөн соң, сүйүү мамилелерине чекит коюшту. Бул тууралуу алар социалдык тармактагы баракчаларына жазып чыгышты.

"Жижи экөөбүз абдан шаңдуу күндөрдү бирге өткөрдүк. Аны айым жана дос катары сыйлайм, жакшы көрөм", - деп жазган Малик.

Андан 11 мүнөт убакыт өткөн соң модель да өз пикирин калтырган.

"Ажырашуу тууралуу билдирүү жазуу оңой эмес. Себеби эки адамдын баштан өткөргөн нерселерин сөз менен жеткирүүгө мүмкүн эмес. Зейн экөөбүз бирге өткөргөн күндөргө, сүйүүгө жана алган сабагыма ыраазымын", - деген Хадид.

Белгилей кетсек, түгөйлөр 2015-жылдын ноябрь айынан тартып кыз-жигит катары сүйлөшө баштагандыгын айтышкан. Модель Зейн Маликтин "Pillowtalk" ырынын клибине тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан