Аргентиналык жаран сүйүктүүсүн социалдык тармактардын "жылдызына" айлантты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, 20 жаштагы Мариан аттуу аргентиналык жигит тааныштары уюштурган кечеге келип сүйүктүүсүн башка бала менен көрүп калган. Бири-бири менен алек болуп жаткан жаштар Марианды байкашкан эмес.
Ал эми сүйүктүүсүн башка жигит менен көргөн Мариан алардын жанында туруп сүрөткө түшүп социалдык тармактарга жарыялап "Менин сүйлөшкөн кызым (мурдагы), бул кечеге менин келгеним жөнүндө кабары жок" деген билдирүү менен коштогон.
Сүйүктүүсүнөн ажырап калганын кыз сүрөт социалдык тармактарда жайылып 70 миңден ашык жакты белгисин алып, 15 миңден ашык адам бөлүшкөндөн соң гана билген. Кийинчерээк Мариан мурдагы сүйүктүүсү менен жазышкан смс билдирүүлөрдүн сүрөтүн дагы жарыялаган. Ал билдирүүлөрдө кыз андан кечирим сурап ал күнү көп ичип алгандыгын айткан. Бирок бул сөздөр эки жаштын мамилесин сактап кала алган эмес.