"Мамлекетке 217 миллион сом зыян келтирди" деп кармалган 5 салыкчы жумуштан бошотулду

Салык кызматынын беш салыкчысы кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка 13-мартта Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов кол койгонун мекеменин маалымат кызматы таратты.

Маалым болгондой, алар кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана жөнгө салуу боюнча өз убагында тийиштүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн, ошондой эле бюджеттик каражаттарды уурдоо фактылары боюнча УКМК тарабынан айып тагылып, кылмыш иши козголгондугу үчүн бошотулду.

Белгилей кетсек, 2 жыл аралыгында мамлекетке 217 миллион сом зыян келтирилген фактынын негизинде УКМК өткөн апта Салык жана бажы кызматында тинтүүлөрдү жүргүзүп, 7 адамды кармаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
rafo80
2018-03-14 09:46:26
Аларды жон кана иштен бошотуп койбостон жеген акчасын толотуп анан камаш керек.
+3
nurbekasr
2018-03-14 10:04:06
Иштен эле бошотуп койбой акмактарды камаш керек.ЖЭБге 386 млн долларды сугунгандарды,кымбат кычкач видеокамераны алгандарды сот жообуна тартыш керек.ЖЭБдеки былыткы иштер боюнча кана кимди кармап сооот жообуна тартып жатасыңар,мен билгенден бир эки адамды кармадыңар кана калгандары.Артыкбаевди эмнеге кармабайсыңар.Эл силерди карап жатат эртерээк жыйынтык чыгаргыла.Бирок эрте чыкбайт жыйынтык бул афера көптөгөн чоңдордун катыштыгы бар.
+2
thirteen
2018-03-14 10:15:57
Мынча жакшы, мен деле ушулардай кылып мамлекеттен акча алып жеп, уйлорду салып, машиналарды алып анан отставкага кетип калсам сонун го. Рахмат мамлекет башчыларына бизге ушундай сонун жолду корсотконунорго, жакында баштаймын. темир тулпарымды алганда силерге айтамын.
0
portugalia
2018-03-14 11:53:14
Жумуштан бошотуп эле тим коюштубу?Ким толойт ал чыгымды?Кыргызбайлар деги качан туура чечим кылабыз
+1
Azatbek83
2018-03-14 13:18:19
Кыйратып сөгүш жарыялаган болсо керек! Адилетсиз соттор камагыла уурунун орду түрмөдө! Болбогон акчага Текебаев Шыкмаматов Салянованы күнөөлүү тапкан соттор эмнеге буларды камабайт!
+1
take19
2018-03-14 15:18:08
"Жумуштан бошотулду эмес, камакка алынды" деген жаңылык болсо калыстык болмок.
0
BekAmir
2018-03-14 18:28:22
Жакшыго миллион жесен жон кана иштен бошотуп....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан