Украинанын спортчулары Орусияда өтө турчу бардык спорттук иш-чараларга катышуудан баш тартты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Украинанын Улуттук олимпиадалык комитетинин биринчи вице-президенти Владимир Брынзак өлкө убактылуу Орусиянын аймагында өтө турчу спорттук иш-чараларга катышуудан баш тартып жаткандыгын айтып:
"Бүгүн саясатчылар менен жолугуп көпкө сүйлөштүк. Жыйынтыгында Орусияда өтө турчу спорттук мелдештерге убактылуу катышпай туралы деген чечимге келдик", - деп билдирген.
Ошондой эле вице-президент спортчулар кайрадан мелдештерге катышуу үчүн жалпы саясий абал жакшырышы керек экендигин жана украиналык спортчулар мелдешке катышып татыктуу жеңиштерге жетишүүнү каалап жаткандыгын белгилеген.