ЭЛДИК ВИДЕО: Америкалык ырчы Кэти Перри буга чейин өбүшүп көрө элек 19 жаштагы музыкант менен өбүштү

"Медиа порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Кэти Перри буга чейин өбүшүп көрө элек 19 жаштагы музыкант менен өбүштү" деген аталыштагы видео жүктөлгөн.

Видео АКШдагы "American Idol" таланттар сынагынан үзүндү. Анда сынакка катышуу үчүн келген 19 жаштагы музыкант Бенжамин Глэйз сахнага чыкканда калыстар тобу аны менен таанышууга киришкен. Катышуучу кассир болуп иштей турганын, ага өзүнүн жумушу абдан жагарын, анткени аны менен татынакай кыздар учурашып турушарын айткан. Ушул учурда калыстар тобунда отурган ырчы Люк Брайан "Өбүшүп көрдүң беле?" деген суроо узаткан. Катышуучу буга чейин такыр өбүшүп көрө электигин айткан. Дал ушул учурда калыстар тобунун дагы бир мүчөсү, америкалык ырчы Кэти Перри аны өзүнө чакырып, бетин тоскон. Глэйз ырчынын бетинен өпкөн соң, ага канааттанбаган Перри дагы бир ирет бетин тоскон. Катышуучу кайрадан анын бетин өбүүгө аракет кылып жатканда, ырчы жаш музыканттын оозун өөп алган. Мындайды күтпөгөн катышуучу турган жеринен кулап кете жаздаган.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zhaku2017
2018-03-14 10:17:59
Мен 8 класста окум жургондо обушуп баштагам. Андан бери 15 жыл отту.
+1
Elina9695
2018-03-14 13:59:45
Кантип эле обушуп корбоптур.
0
abon
2018-03-14 19:08:35
опкондон башка бары нерсе кылган болсочу
0
Arlenchik
2018-03-14 20:29:56
Elina9695; сен обушуп кордун беле))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан