Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарында М.Э. аттуу таксист "жүргүнчүсүнө ыплас аракеттерди жасаган" деген шек менен 3-мартта кармалып, анын кыргыз экендиги кабарланган. Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги Канада менен АКШдагы элчиликтин маалыматына таянып, фактыны Чикаго шаарынын полиция департаменти тастыктаганын, бирок расмий билдирүү келе электигин маалымдады.
"Кармалган жаран АКШда туруктуу жашаган адам катары элчиликтин консулдук каттоосунда турган. Маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат", - деп билдиришти ТИМден.
Маалыматка ылайык, окуя Чикаго шаарынын Ривер Норт районунун Уэст Онтарио Стрит көчөсүндө болгон. Анда 27 жаштагы Мурасбек Э. аттуу такси кызматында иштеген адам 24 жаштагы жүргүнчү кызды белгисиз тарапка алып барып, андан интим кызматын көрсөтүүнү талап кылып, ыплас аракеттерди жасаган. Кийин ал сексуалдык зомбулукка жана адам уурдоого айыпталып кармалган.