Депутат Момбеков: "Экс-президент Роза Отунбаева 5 миң сомго жетпеген акча менен пенсияга чыккан"

"Пенсия боюнча мыйзамдарды өзгөртүп жатабыз, бирок көлөмүн өзгөртө албайбыз", - деп бүгүн, 14-мартта парламент жыйынында КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын айтымында, депутаттар шайлоочулар менен жолукканда пенсия жөнүндө маселени көп көтөрүшөт. Ал билдиргендей, пенсия берүүдө теңсиздик болуп жатат.

"40 жыл мугалим болуп иштеген жаран 10 миң сом пенсия алса, анын 18 жыл иштеген баласы 20 миң сом алат. Экс-президент Роза Отунбаева канча сом менен пенсияга чыккан?" - деп депутат Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровго суроо берди.

Абжапаровдун айтымында, президенттин айлыгы канча болсо, ошол сумманын 70 пайызы менен пенсияга чыгат.

Рыскелди Момбеков Роза Отунбаева 5 миң сомго жетпеген акча менен пенсияга чыкканын белгиледи. "Президент 5 миң сомго жетпеген акча менен пенсияга чыгып жатса, прокуратурада иштеген генералдар 90 миң сом менен пенсияга чыгып жатат", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
uli1234
2018-03-14 10:15:05
Кой э
+7
fantomas
2018-03-14 10:19:49
Момбеков жеткен калпычы... Отунбаеванын пенсиясы кеминде 90 000 сом...

Пенсиянын коломун озгортуу керек... Минималдык пенсия менен максималдык пенсиянын айырмасы 5 эседен ашпаш керек...

Мисалы олко боюнча эн аз пенсия 3000 сом болсо, эн коп пенсия 15 мин сомдон ашпаг керек....
+1
nazarKGZ
2018-03-14 10:23:06
5мин алса жакшы эле бирок анданда коп алат
-3
Nazar76
2018-03-14 10:39:22
80 миң пенсия алат деп телевизордон эле айтканго
+7
Eli.91
2018-03-14 10:57:14
Менин Апам 1000сом менен пенсияга чыкканго.
+6
jbolotov
2018-03-14 11:27:42
Отунбаеванар бир жыл президент болуп 7-8 миллион доллар тапканын ошол убакытта бир депутат айтып чыккан. Пенсиянын кереги жок ага, Убактылуу окмоттун орду турмодо.
+4
Suzak12
2018-03-14 12:45:58
jbolotov,Момбеков да эми Отунбаевага жагынгысы келип калганго Отунбаева 5000 эмес 50000 алса керек же 5000 доллар алаттыр адашып коруп алганго Момбеков мырза
+3
Mamiev
2018-03-14 13:00:35
Suzak12,туура айтасыз.Отунбаева аз убакыт президент болуп 50 минден 80 минге чейин пенсия жана мамлекеттен бекер транспорт тамак аш бекер боль.ц корунуу ж.б закондорду киргизип койгон.Жокко чыгарыш керек.Буларга караганда Акаев менен Бакиев аз болсо дагы корунуктуу иштерди жасап кеткен
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан