Дональд Трамп АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсонду кызматынан алды

АКШнын президенти Дональд Трамп мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсонду кызматынан алганын 13-мартта өзүнүн социалдык баракчасына жарыялады. Ал эми анын ордуна Борбордук чалгындоо кызматынын жетекчиси Майк Помпео дайындала турганын белгиледи.

Трамп Тиллерсонду эмне үчүн кызматтан алып жатканын ачык айтпаганы менен экөөнүн көз карашы башка болуп жатканын билдирген.

"Тиллерсон экөөбүздүн оюбуз бирдей чыккан жок. Ал эми Майк Помпео менен оюбуз бирдей. Ал Американын дүйнөдөгү позициясын калыптандыруу программасын улантат. Биздин союзду бекемдейт, каршылаштарыбызга каршы турат", - деди Трамп.

Рекс Тиллерсон мамлекеттик катчылыкка 2017-жылдын февраль айында келген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан