Дүйнөгө атагы чыккан окумуштуу Стивен Хокинг 76 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, белгилүү физик, профессор Стивен Хокинг каза болгондугу тууралуу анын балдары кабарлашып:
"Биз көпчүлүккө терең кайгыруу менен атабыздын бул дүйнөдөн өткөндүгү тууралуу кабарлайбыз. Атабыздын эмгектери түбөлүктүү жашайт. Ал көпчүлүккө жашоо үчүн күрөш кандай болорун көргөзүп, өзү үлгү болуп шыктандырып келген", - деп билдиришкен.
Профессор Хокинг шал оорусу (Лу Гериг - Борбордук нерв системинин жабыр тартышынан улам адамдын колу, бутунун иштебей калышы) менен жабыр тартып келген.
Маркум профессор биринчилерден болуп кванттык механиканы менен салыштырмалуулуктун жалпы теориясы менен түшүндүрүлгөн космология теориясын изилдеп чыккан.
Анын "Убакыттын кыскача тарыхы" аталыштагы китеби эң мыкты китептердин катарына кошулган.