Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеӊеште пенсияга чыгууда талап кылынган документтердин санын кыскартууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатат.
КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев билдиргендей, пенсияны дайындоодо жарандар Социалдык фондго көп сандагы документтерди даярдоо узак убакытты жана кыйла оорчулукту жараткан жагдайларды талап кылат. Анын айтымында, документтерди даярдоонун жол-жоболорун жеңилдетүү жана анын тизмесин кыскартуу менен пенсияларды дайындоонун тартибин өзгөртүү демилгеси сунушталып жатат.
“Бул маселелерде жоюлуп кеткен жана ишин токтоткон уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда иштешкен жарандар кыйла оор кыйынчылыктарга туш болууда. Мындай иш берүүчүлөрдүн катарына мурдагы СССРдин тушундагы жамааттык жана биргелешкен чарбалар, өнөр жай жана башка ишканалар, кийинки коммерциялык уюмдар жана башкалар кирет”, - дейт депутат.