Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңеште ЖМКларды каттоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.
Юстиция министри Уран Ахметовдун айтымында, мыйзам долбоорунда каражаттарын мамлекеттик каттоо мөөнөтүн азыркы 1 айлык мөөнөттөн 10 күнгө чейин кыскартуу сунушталууда. "Ошондой эле аларды каттоодон өткөрүү үчүн талап кылынган документтердин саны кыйла кыскартылмакчы. ЖМКларды каттоо критерийлери өкмөт тарабынан аныкталат", - деди министр.
КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков ЖМКлар өкмөт тарабынан аныкталышын аларды көзөмөлгө алуу аракети катары баалады. "ЖМКларды мурда Юстиция министрлиги каттоодон өткөрчү. Эмне үчүн министрликтин ыйгарым укуктары өкмөткө өткөрүлүп берилип жатат? Иттин өлүгү ушул жерде көмүлгөн. Өкмөт оппозициялык ЖМКларды каттабай коёт. Ишкана ачканга Юстиция министрлиги уруксат берсе, гезит ачканга эмне үчүн өкмөт бериши керек?" - деди депутат.
Уран Ахметовдун аталган мыйзам долбоору ЖМКларды каттоону жеңилдетүү үчүн эле каралганын кошумчалады.