Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргызстан” фракциясынан депутат Алмазбек Эргешов Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровдон көп жашагандардын пенсиясына кошумча төлөмдөр кошулабы деп сурады.
“Көп жашаган апаларыбызга, аксакалдарыбызга кошумча пенсияны көтөрүп берүү планы барбы?” - деп сурады депутат.
Теңизбек Абжапаровдун айтымында, мыйзамда 80 жаштан өткөн жарандардын пенсиясына кошумча төлөмдөрдү кошуу каралган.
Жогорку Кеңеште пенсияга чыкканга талап кылынган документтердин санын кыскартууга багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.