Бишкекте жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежелери көп бузулган жерлер аталды

Бишкек шаарында жөө жүргүнчүлөр тарабынан Чүй-Фучик, Курманжан датка-Жибек Жолу, Абдырахманов-Бөкөнбаев, Чүй-Манас жана Элебесов-Витебский көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежелери көп бузулат. Мындай маалыматты бүгүн, 14-мартта "Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу боюнча инженердик чечимдер" аталышындагы семинарда "EASST" уюмунун директору Эмма Макленнан айтты.

"Биз Бишкек шаарындагы жол кырсыгы көп катталган жерлерге мониторинг жүргүздүк. Анын алкагында Чүй-Фучик, Курманжан датка-Жибек Жолу, Абдырахманов-Бөкөнбаев, Чүй-Манас жана Элебесов-Витебский көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежелери көп бузуларын жана ошол жерде жол кырсыктары көп болорун аныктадык. Бул нерселердин себеби ал жерлерде жөө адам көп өтөт жана жөө жүргүнчүлөр өтө турган шарттар түзүлгөн эмес", - дейт Эмма Макленнан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
taalay25
2018-03-14 11:31:06
Киевский-Бейшеналиева, Чуй-Бейшеналиева, Чуй-Кулиев кочолорун биринчи кошбопсунар
+9
Dalil
2018-03-14 11:39:50
taalay25, ооба ушул көчөлөрдө эч ким жол чырак жашыл күйгөндө өтүү керек деген талапты аткарышпайт. Дээрлик Ош базардын айланасындагы бардык көчө ошондой. Бирок бирин да атабаптыр.
+6
sirgak_92
2018-03-14 12:10:48
Чүй Фучик көчөлөрүндө адамдар светофорду карабай эле өтө беришет жолдун ортосунан ары басса светофор бар ага барбайт жоок так жолду кесип өтүш керек да
0
aman0296
2018-03-14 12:37:22
Ош базар бар экен деп ойлосом, жокко
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан