ЖЫЛНААМА, 14-МАРТ: Ырчы Гүлзада Рыскулова туулган күнүн белгилөөгө анчейин маани бербей турганын айтты

Бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова 38 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны куттуктоо үчүн байланышка чыгып, бүгүнкү күндөгү пландары менен таанышты.

"Чынын айтсам, туулган күнгө анчейин маани бербейм. Буга чейин да туулган күнүмдү шаан-шөкөт менен белгилеп көргөн эмесмин. Бүгүн эртең менен апам телефон чалып куттуктаган. Андан соң жакындарым жылуу сөздөрүн арнашты. Бүгүн "Алдей ырлары" боюнча кароо-сынак өтөт экен, мени конок катары чакырышкан. Азыр ошол жакка барууга даярданып жатам, андан кийин эмне кыла турганымды айта албайм. Менимче, үйдө эле конок күтсөм керек. Алдын ала план түзүүнү жактырбайм", - дейт ал.

Гүлзада Рыскулова 1980-жылы 14-мартта Ош облусундагы Өзгөн районунун Чымбай деген айылында туулуп-өскөн. Ош мамлекеттик педагогикалык институттун музыкалык бөлүмүн аяктаган. Алгач "Мен кыргыздын кызымын" аттуу ыры менен чыгып, калың элге таанылган. Кийин кыргыздын нукура күү, дастандарын дүйнөгө тааныткан "Ордо сахна" фольклордук-этнографиялык тобунда эмгектене баштаган. 3 уулдун энеси. 2016-жылы ага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген наам ыйгарылган.

14-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан