Дүйнөдө чоңдугу боюнча 5-орунда турган алмаз ташы сатылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Эң чоң алмаздардын бири Бельгиянын Антверпен шаарында 40 миллион долларга сатылганын "Gem Diamonds Ltd" компаниясы жарыялады.
"Gem Diamonds" компаниясы сиздерге жогорку сапаттагы 910 караттык "Lesotho Legend" атка конгон алмаз 2018-жылдын 12-мартында 40 миллион долларга сатылганын кабарлайт", - деп жазылган маалыматта.
Аталган алмаз 2018-жылдын январь айында Лесото аймагында Летсенг алмаз кенинде табылган. Асыл таш D түсүндө жана IIа түрүнө кирет, башкача айтканда, тунук, эч кандай кошулмасы жок таза алмаз.