Чемпиондор Лигасы: "Манчестер Юнайтед" өз талаасында "Севильяга" жеңилип, чейрек финалга өтпөй калды

14-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында англиялык "Манчестер Юнайтед" менен испаниялык "Севильянын" жооптук беттеши өттү. Манчестер шаарындагы "Олд Траффорд" стадионунда орун алган беттеште жергиликтүү команда 1:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартып, чейрек финалга өтө албай калды.

Бул беттеште 2-таймдын жарымына чейин эсеп саны 0:0 бойдон сакталып турду. 74-мүнөттө испаниялык команданын чабуулчусу Виссам Бен-Йеддер эсепти 0:1 кылып, 4 мүнөттөн кийин эсепти 0:2ге айлантты. Буга "Манчестер Юнайтед" Ромелу Лукакунун голу аркылуу жооп бергени менен, эсеп 1:2 бойдон калып, "Севилья" жеңишке жетти.

Муну менен "Севилья" футболдук клубу 1958-жылдан бери алгачкы жолу Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына өттү.

Эске салсак, жарым чейрек финалдын алгачкы беттешинде эки команданын беттеши 0:0 эсебинде жыйынтыктаган.

Манчестер Юнайтед - Севилья. Чемпиондор Лигасы 2018
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dembele84
2018-03-14 12:02:47
Миллиондогон акчаны чачып шерменде эле болду.Топ тоголок и деньги не все решает деген ушул да
+1
Brilant-zhylan
2018-03-14 12:14:51
Оюн ото кызык болду,оюнга 72-мунотто тушуп гол урганы МЮну айласын кетирип койдуго арадан 4мунот отуп дубль
0
Rasul94
2018-03-14 12:23:44
кечээги оюн мен ойлогондой болду да чиркин.кандай гана жылдыз оюнчулар ээх Жозе.молодцы Севилья жашасын Испания
+1
bazarkyl
2018-03-14 13:32:30
Моур ХХХХ деп айттым, оюну да ошондой.
0
FCBMESSI
2018-03-14 14:33:29
Манчестер юнайтедке башка тренер керек
+2
madrid7000
2018-03-14 15:26:31
Севилия молодец!Быйылкы сезондо ЧЛда Испаниянын уч командасы талкалайт буюрса.Барса Челсини шылып тушот.
+2
arstanbap02
2018-03-14 21:10:07
Ромеле лукакуну сатыш керек бекер эле чабуулда журот анын ордуна деле али болсо жыртмак баарын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан