14-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында италиялык "Рома" менен украиналык "Шахтёрдун" жооптук беттеши орун алды. "Олимпико" стадионунда өткөн беттеш 1:0 эсебинде талаа ээлеринин жеңиши менен жыйынтыкталды.
Беттештин алгачкы бөлүгү 0:0 эсебинде аяктады. 52-мүнөттө "Романын" оюнчусу Кевин Стротмандын алдыга чыгарган пасына жетишкен Эдин Жеко дарбазачы Андрей Пятовду алдап өтүп, ээн дарбазага гол киргизди.
Айта кетсек, Харьковдо өткөн беттеште "Шахтёр" 2:1 эсебинде "Романы" жеңип алган. Муну менен "Рома" конокто киргизген голу үчүн жеңишке жетип, Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына өттү.