Дамирбек Сагынбаев: "Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары айлыктын аздыгынан улам кызматтан кетти"

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Марат Төрөбеков бир апта мурун өзү берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамирбек Сагынбаев билдирди.

Анын билдиришинче, Төрөбеков менен дагы үч кызматкер жумуштан кеткен.

"Эки кызматкер тажрыйба топтоо үчүн өкмөттүк структураларга кетти. Дагы бир кызматкер өз иштери менен алектенүү үчүн кетсе, катчынын орун басары Төрөбеков айлыктын аздыгынан улам кызматтан кетти. Азыр өзүнүн чарба иштери менен алектенип жатат", - деди Сагынбаев.

Белгилей кетсек, Төрөбеков катчынын орун басарлыгына 2017-жылдын ноябрь айында келип, 2018-жылдын 6-мартында президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен боштулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mirlan27011987
2018-03-14 13:26:27
Биздин мугалимдер аз айлыка чыдап иштеп журушот. Чыныгы патриоттор биздин мугалимдер. Аз айлык болсо да, келечек муундарга билим берип келе жатышат.
+7
karakulja
2018-03-14 14:06:27
Айлык эмес шабашка болбой калды десен
+3
Bazake
2018-03-14 14:14:03
karakulja,Айлыктын аздыгы үчүн кеткен орун басар уурдай албай калса керек. Анткени, жаны президент баарын катуу контролго алып жатканы айтылууда. Туура кылат, мамлекеттик кызматка байыймын деп баргандар бизнеске кетиши керек. Аз айлык болсо да эл учун иштеп берем дегендер толуп жатат.
+3
dosym
2018-03-14 14:07:35
Аз айлык үчүн кетпегиле иштегиле, силер кетип калсанар жепжутарлар кантет
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан