Феликс Кулов: "Кыргыз өлкөсүндөгү шайлоо системине реформа керек"

Буга чейин Кыргыз өлкөсүндө өтүп келген президенттик шайлоо, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо таза эмес өтүп келген. Мындай пикирин бүгүн, 14-мартта Бишкек шаарында өткөн тегерек столдо экс-депутат Феликс Кулов билдирди.

Анын ою боюнча, шайлоо бул тирүү организм. "Буга чейин өткөрүлүп келген шайлоолордон сабак алдык. Дайыма чоң кемчиликтер менен өтүп келди. Шайлоо системин жакшыртуу үчүн коомдук ишмерлердин тобу атайын долбоордун үстүндө иштеп жатышат. Добуш берүүнүн башкача жолун, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин тактоо боюнча буга чейин болуп көрбөгөн, ишке ашпай келген долбоор өкмөткө, коомго сунушталат. Шайлоочу добуш берген соң анын кимге добуш бергени сканер аркылуу ошол жердеги экрандан көрүнүп турушу керек. Добушту ошол жердеги байкоочулар дагы санай алгыдай системди киргизели", - деди Кулов.

Аталган тегерек столго белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, саясий партия мүчөлөрү жана борбордук шайлоо комиссиянын кызматкерлери катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан