Сооронбай Жээнбеков КМШ мамлекеттеринин алкагында жашыруун маалыматты сактоо боюнча мыйзамга кол койду

Сооронбай Жээнбеков Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент "2013-жылдын 25-октябрында Минск шаарында кол коюлган КМШ мамлекеттеринин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 25-январында кабыл алынган. Макулдашууда КМШ өлкөлөрүнүн органдарынын алкагында кызматташуунун жүрүшүндө колдонулуучу маалыматтын жашыруундуулук даражасы, жашыруун маалыматты сактоо жана аны берүү чаралары аныкталган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан