Аялуу жерин онлайн режимде акчага көрсөткөн кыз: "Мен окуган университетте "вебка" болуп иштегендер көп"

Буга чейин интернет аркылуу аялуу жерлерин акчага көрсөткөн кыздардын сүрөттөрү, видеолору социалдык баракча аркылуу жайылып кеткен. Мындан улам, коомчулукта бул көрүнүш талкууга алынган эле. Кийинчерээк Бишкек ШИИББи ушул жылдын башынан бери 119 кызды каттоого алышканын, алардын ичинен 64 кыз интернет аркылуу интим-кызматынын жеңил түрүн көрсөткөндүгү аныкталганын билдирген. Ошондой эле Бишкек шаарында онлайн интим кызматын көрсөткөн эки факт катталып, кылмыш иши козголгон. Андыктан, бул жаатта иликтөө жасоого аракет кылып, "вебка" деп атыккан жаңы кесиптин күнгөй-тескейин билдик (ред. мындан ары макала кабарчынын сөзү менен уланат).

- Иликтөөмдү вебкам студияда иштөөгө кызыкдар кыз катары баштадым. Социалдык тармактагы кыздардын сүрөтүн жайылтып жаткан топ аркылуу "иш берем" дегендерди таап, кат жөнөттүм.

Көпкө күттүрбөстөн эле жооп жазышты. Күн батып бараткан мезгилде белгиленген дарекке келдим. Жаныма болжолдуу 25 жаштардагы 2 эркек басып келди. Кофейнялардын бирине кирип, чай үстүндө отурганда вебкам студия тууралуу үстүртөн маалыматым бар экенин айтып, анонимдүүлүк боюнча тактап сурадым.

"Биз тараптан анонимдүүлүк 100 пайыз сакталат. Бирок биздин видеосюжетибиз ошол сайтта сакталып калгандыктан айрымдар шантаж кылып акча табуу үчүн көчүрүп алышат. Же башка вебкам студияны иштеткендер деле мындайды жасашы мүмкүн. Андыктан ким жайылтып, кандай максатта колдонуп кетерин билбейбиз", - дешти алар.

Сөзүбүз маяна, студиядагы кыздар, жумуш убактысы тууралуу уланды. Мен кайрылган студияда 15 кыз 3 нөөмөттө иштей тургандыгын айтышты. Ал эми маянаны айдын башында, ортосунда берерин билдиришти. Мени алардын иш орду, иштеп жаткан кыздар кызыктырды. Студиясына чакыра турган күнү мага дарегин жазып коюшарын айтышты.

Мени чакырышты... Белгиленген жайга Lexus RX 330 үлгүсүндөгү унаа менен келип токтошту. Андан ары көп кабаттуу үйлөргө алып барган тар жол менен студияга келдик. Үчүнчү кабаттан орун алган 3 бөлмөлүү батирге кирдик. Чоочун бирөө келди дештиби кыздар шарт эле эшиктерин жаап алышты.

Иш бөлмөгө киргенде көзүмө дароо эле камера орнотулган компьютер, керебет, анан кыздардын кийимдери самсаалап чыгып калган шкаф урунду. Администратор өзүмө караштуу жууркан-төшөк болорун, тил жагынан оператор жардам берерин айтып, мени ишке оңой эле макул кылдыруучу сөздөрдү жаадырды. Андан ары ашканада отурган кыздардын бири менен студияга жаңы келген "кызматкер" катары кеп баштадым.


Маңдайымда ак жуумалынан келген, арык чырай, бою узун кыз тамеки чегип отурду. Өзүн 3-курстун студентимин деп тааныштырган кыз мен суроо сала электе "эмне жөнүндө айтып берсем?" деди.

- 21 жаштамын. Вебкам болуп иштөөнү 18 жашымдан баштагам. Айлыгым жакшы. Сизге оператор менен иштешесиң деп айтышса керек. Англис тилин билбейм деп чочулоонун кереги жок. Оператор эмне болуп жатканын которуп берет, канча акча тапканыңызды да айтып турат. Мен биринчи күнү жумушка чыкканда 350 доллар тапкам. Ошондон бери жакшы каражат таап келем.

- Негизи жаңы үйрөнүп жаткан моделдер эмнеден кыйналышат?

- Мен кыйналган деле эмесмин. Жаңы үйрөнүп жатканда уяласың, ыңгайсыз абалда болосуң. Бирок кардарлары көп болуп, аябай түшүнүү менен мамиле жасашат. Биринчи апта чечүүчү убакыт болуп саналат. Ошондуктан көп убакыт онлайн болуп, жигердүүлүгүңдү көрсөтсөң рейтинг көтөрүлөт.

- Кардарлардын арасында дароо эле аялуу жериңди көрсөт дегендер болобу?

- Ооба, андай кардарлар болот. Бирок амалдуу болсоң жакшы акча калтырышат. Анан дайымкы кардарыңа айланат. Сайтка киргенде биринчи көпчүлүк менен баарлашуу (фрей чат) ачылат. Бул чатта 50-100дөй эркектер отуруп, алар менен ар кандай темада сүйлөшүүлөр болот. Арасынан бирөө жалгыз сүйлөшүүгө (приват) чакырып, мүнөтүнө акча төлөйт. Ал жакта экөөңдү эч ким көрө албайт.

Биз сүйлөшүп отурганда бөлмөгө дагы бир кыз кирип келип, сөзгө аралашты. Вебкамда иштеген кыздардын сүрөтүн жайылтып, ар кандай сын-пикирлерди жазгандар "мырктар" экенин, аларга көңүл бурбай эле коюуну айтып, чыгып кетти.

- Эгер "сен ошентип иштейсиң" дегендер болсо "ооба" деген жооп айтам. Мисалы менин курбуларым вебкам модель болуп иштегенимди билишет.

- Вебкам модель деген кызмат канча жылдан бери белгилүү болуп баштаган?

- Мындай кызмат 1999-2000-жылдары эле бар болчу. Ал эми Кыргыз жергесинде 2005-жылдан тарта популярдуу боло баштаган. Мисалы, мен биринчи иштеген студия 2007-жылы ачылган. Ал убакта студия жөнүндө кыздардын маалыматы аз болчу. Анан кыздарды көп убакытка иштетип, алардын санын көбөйтүү үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушчу. Мисалы 1 ай ичинде кардарлар менен көп иштешип, көп сумма тапкан кыздарга акыркы үлгүдөгү iPhone берип, шыктандырчу. Кыздар атаандашып иштешчү. Эгер кардар тартып келсең анын тапкан акчасынын 5 пайызын же 100 доллар берип бизге мотивация берип турчу. Азыр мен окуган университеттеги кыздардын ар бир экинчиси вебкамда иштешет.

Анын акыркы сөзүнүн чын-калпын ажырата албай, угуп таң калдым.

Ал эми бет алдымдагы каарманым студияга тааныш кыздарынын чакыруусу менен келип калганын айтты. Ал 2 жылга чукул иштеп, жумуштан чыгып кеткенин, бирок көп суммадагы каражат таап көнүп калгандыктан башка жумуштун айлыгына ичи чыкпай калганын кошумчалады. Ошондуктан кайрадан "вебка" болуп иштеп баштаганын билдирди.

- "Вебка" болуп иштеген сойкулукка караганда артык болуп жатпайбы. 500 сом үчүн ар ким менен жүрүп, бирөөнүн алдында жатпайсың. Оору жугузбайсың", - деди ал.

Сөз студияда иштеген тааныш кыздары жөнүндө уланды. Айтымында, жылдап-жылдап иштеп, кардарынын оюндагы түрдүү төшөк ыкмаларын ар кандай каражаттардын жардамында аткарып берип жүргөн кыздардын арасында турмушка чыгып кеткендер да бар. Айрымдары бул ишинин артында унаа, үй алууга жетишкен...

Вебкам студиядан чыгып, "мен окуган университеттеги кыздардын ар бир экинчиси вебкамда иштешет" деген сөзү оюмдан кетпей, аялдамадагы, маршруттук таксидеги, айтор бет алдымдан чыккан бейтааныш кыздар шектүү көрүнүп жатты. А мен болсо, андан ары жолумду уладым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (45)
Pamirlan
2018-03-16 22:40:06
erge tiyip ketkender, ui algandar bar eken deit go. ХХХХХ
+10
joomart
2018-03-16 23:28:23
Айланайыыын кыздарды бир уйдо камап отуруп чонойтуп эрге берет окшойбуз
+11
aszyma
2018-03-16 23:54:39
Шондо булар кардарменен жатыпда береби. Же искусственныйларды тыгып кылык корсотуп береби камера алдыда
+5
Aidar.001
2018-03-17 00:09:35
Кайда баратабыз айланайын эжелер, карындаштар! !!
+6
dinar-87
2018-03-17 01:08:21
Тооба адамдарга не болуп баратат женил оокатка уйронуп оз келечегин ойлошпойбу андан коро пол жууп аз акча тапсанда пешене тер адал болотко.
+5
Jarma
2018-03-17 01:44:49
Бул кун эмес Уркундо да АПАлар,
Талкан учун саткан эмес денесин.
+8
Stervamyn
2018-03-17 10:40:32
Эми денесин сатып,ар ким менен жаткандвн коро,мындай болгону деле норма
-9
Bekbolsun_official
2018-03-17 11:21:16
Бул куноо болот, Токтотуш керек
+4
surgeon777
2018-03-17 14:02:43
Кечээ окуп алыр бугун кечке кыздарды карап журдум,жуоналист айткандай козумо кобусу "вебка" корунуп жатты))

Негизи макаланар жарнама сыяктуу эле болуп калыптыр,бироо менен жатпасам,оору жугузбасам,акчасы коп болсо жакшы экен да дегендер ойлоно башташты да...
+8
Pandora
2018-03-17 14:19:47
Не адамдар барган сайын экран аркылуу кумарга батып жатабы? Экрандын ар жагындагы учун акча толосо,андан коро кино корбойбу? Кыздар уят,озунорду эле же ата-энерди эле эмес бутундой кыргыз элин уяткарып жатасынар!!! Башка жумуштун маянасына конбосонор анда келечекте балдарынарды да ушинтип багасынарбы?
+4
tokitok
2018-03-17 14:47:25
Колунан андан башка иш келбегендер анан жалкоолор барат мындай ишке 10000 алып деле иштегендер бар. женил. развлечение жакшы корушот берилип кетишет.эч кандай уят деп корушпойт 100 % гарантия. Элге жайылтпоо кк деп ойлойм. Конгон адат калбайт силер жазгандан улам токтоп калбайт кыздар. Бул бизнес буткул дуйного жайылган.
+4
tokitok
2018-03-17 14:50:13
Анан журналист оюнуз туура эле алдынызга чыккан кыз вебка болушу мумкун. Сыртынан кантип билмек элениз. Абдан тарбиялуулары да бар.
0
Targarien
2018-03-18 04:46:23
Вебка балдар да бар экен Мадельмин дегендин баары эле ошентип акча табат го деп ойлоп койдум
+2
Gulipa
2018-03-18 22:27:17
Ошол кылган кылыктары турмушка чыккандан кийин кайталанбайт деп ким кепилдик берет,жасаган иштери эртен келечектеги кыз-уулддары кайталаса эмне болот деп ойлонушпайбы,акылсыздар
+2
kydyrova_71
2018-03-19 12:22:44
Эч ким корбоду дегенде аллах коруп турбайбы, ОО Аллахым хидаят бер, адал ырыскы бер пенделерине.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан