Ош шаарында балдардын өлүмү көбөйдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2013-жылдын январь айынан май айына чейин 5 жашка чейинки 164 бала каза болгон. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 23 балага көп. “Көпчүлүк балдар ар кандай инфекцияларга байланыштуу төрөлгөндөн кийин эле каза болушууда. Шаарда заманбап медициналык жабдуулар жетишпейт”,- деп билдирди мэрия.