Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү саламаттыкты сактоо министри эмне үчүн жыйынга келбегени боюнча жооп бере алышкан жок

Бүгүн, 14-мартта КСДП фракциясынан депутат Альфия Самигуллина Жогорку Кеңештин жыйынына саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев эмне үчүн келбегенин сурады.

Аталган министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов ордуна келгени айтылды.

Бирок өкмөттүн бир дагы мүчөсү министр эмне үчүн жыйынга келбегенин айта алышкан жок. Самигуллина статс-катчыдан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны канча пайызга өскөнүн сурады. Шадыханов 3 пайызга өскөнүн айтты. Бирок статс-катчы депутаттын бул боюнча кандай чара көрүлүп жатат деген суроосуна жооп берген жок.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков министрлер жыйынга келиши керектигин айтып, келе албаса себебин билдирип коюшу зарыл экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан