Бишкекте жолго чуркап чыга калганда унаа сүзүп кеткен баланын абалы туруктуу

Бишкекте жолго чуркап чыга калганда унаа сүзүп кеткен баланын абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ал ооруканага саат 19:10дор чамасында түшүп нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган. Жол кырсыгынан улам баш мээси чайкалып, чекеси көгөрүп калган. Учурда абалы жакшы, туруктуу", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жолго чуркап чыга калган баланы унаа сүзүп кеткени түшүп калган видео жүктөлгөн болчу. Кийин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан окуя 13-мартта орун алганын билдиришип, унаа сүзгөн баланы "Тез жардам" кызматы алып кетишкенин кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан