Кен өндүрүүгө берилген 2,5 миң лицензиянын 25 пайызы гана иштеп жатат

Кен өндүрүүгө берилген 2,5 миң лицензиянын 25 пайызы гана иштеп жатат. Бул тууралуу 14-мартта өткөн "Кен өндүрүүнүн Кыргыз Республикасынын экономикасына жалпы салымы жана ага салык салуунун таасири" боюнча тегерек столдо Тоо-кен металлургиялык борбордук комитетинин төрагасы Эльдар Тажибаев билдирди.

"Иштебей жаткан лицензиялар кайра сатуу үчүн кармалып турат же болбосо инвесторлордун келишин күтүп жатат. Берилген лицензиялар иштетилбей, компанияларга жөн гана ээлик кылып кармап турбаш үчүн лицензия берүү ишин жөнгө салып, талаптарды күчөтүү керек жана алып жаткан компаниянын материалдык, техникалык деңгээлин такташ керек", - дейт Тажибаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан