Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги 2018-жылдын 1-январынан баштап 31-июнга чейин мамлекеттен стипендия ала турган спортчулардын тизмесин жарыялады. Бул тизмеде жалпы эсепте 294 спортчу бар. Стипендиялар 7 категорияга бөлүнгөн, анда 2 миң сомдон 45 миң сомго чейин акчалай сыйлык каралган.
Жогорку категориядагы стипендиаттардын арасына 11 спортчу кирген, алар эл аралык аренада жакшы натыйжаларды көрсөткөн спортчулар. Жаңы тизмеге 2017-жылга салыштырмалуу 3 спортчу кошулган. Анда XXIII жайкы сурдлимпиадалык оюндарында ийгилик жараткан Миляс Марков, Габит Айдарбеков, Азамат Мавлянов жана грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген Калы Сулайманов 45 миң сомдук стипендияга ээ болушат.
Жогорку категориядагы стипендиянын ээлери:
Эламан Догдурбек уулу - спорт чебери. Эркин күрөш боюнча 2016-жылы Дүйнө чемпиондугунда 3-орунга ээ болгон. Бүткүл дүйнөлүк универсиаданын коло медалынын ээси. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.
Ильгиз Каналбек уулу - спорт чебери. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы (паралимпиада) дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалдын ээси. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.
Айсулуу Тыныбекова - эл аралык категориядагы спорт чебери. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө 5-орунга ээ болгон. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.
Каныбек Жолчубеков - спорт чебери. Грек-рим күрөшү боюнча студенттер арасындагы Дүйнө чемпиону. 2018-жылы өткөн "Тахти Кубогу" эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү. 2018-жылы өткөн Азия чемпиондугунун коло медалынын ээси. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.
Дарья Маслова - эл аралык категориядагы спорт чебери. Жеңил атлетика боюнча Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү. Бүткүл дүйнөлүк универсиаданын алтын медалынын ээси. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.
Эсен Калиев - спорт чебери. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунун алтын медалынын ээси жана Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарында 5-орунду ээлеген. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.
Жыргал Орозбаев - спорт чебери. Паралимпиада спортчулары арасындагы пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунда 3-орунга ээ болгон жана Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарында 6-орунду ээлеген. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.
Калы Сулайманов - грек-рим боюнча эл аралык категориядагы спорт чебери. 2018-жылы өткөн "Тахти Кубогу" мелдешинин жеңүүчүсү, 2017-жылы өткөн "Vehbi Emre" эл аралык мелдештин жеңүүчүсү жана 2017-жылы өткөн Азия чемпиондугунда 5-орундун ээси.
Миляс Марков - эмгек сиңирген спорт чебери. XXIII жайкы сурдлимпиадалык оюндарында эркин күрөш боюнча мелдештин коло медалынын ээси.
Габит Айдарбеков - эмгек сиңирген спорт чебери. XXIII жайкы сурдлимпиадалык оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдештин коло медалынын ээси.
Азамат Мавлянов - эмгек сиңирген спорт чебери. XXIII жайкы сурдлимпиадалык оюндарында таэквондо боюнча мелдештин коло медалынын ээси.