Министр депутаттарга мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелерине акы төлөө үчүн канча акча керектигин эскертти

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңеште балдарга жөлөк пул берүү боюнча мыйзам долбоору 1-окууда каралууда. Анда депутат Дастан Бекешев мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелерине акы төлөөнүн жол-жоболоруна кызыкты. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелерине акы төлөө үчүн бюджеттен кошумча 400 миллион сом керектигин айтты.

"Биз майып балдардын энелерине акы төлөөнүн жоболорун иштеп чыктык. Азыр жалгыз маселе акчага такалууда. Бул үчүн дайым көзөмөлдү талап кылган ар түрдүү топтогу майыптыгы бар 6 миң баланын энелерине 400 миллион сом керек. Берилүүчү каражаттан тышкары баланы караган энеге эмгек стажы кошулат", - деди Исакунова.

Министр Исакунова Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып, учурда муктаж болгон 48 миң үй-бүлө жөлөк пул ала албай жатканын белгиледи.

Айта кетсек, кечээ парламенттин тийиштүү комитеттин жыйынында министри Таалайгүл Исакунова ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энесине жөлөк пул берүү үчүн канча акча керектеле турганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан