Сагынбаев: "Укук коргоо, сот органдарынын кызматкерлерине 100 миң сомго чейин мүлк сатып алууга тыюу салынат"

Укук коргоо, сот жана көзөмөл органдарынын кызматкерлерине накталай түрдө 100 миң сомго чейин мүлк сатып алууга тыюу салынат. Эгерде алар 20 миң сомдон жогорку көлөмдөгү акчага өзүнө керектүү мүлк сатып алчу болсо, анда атайын күбөлүк толтуруп, аны кадр кызматына өткөрүп бериши керек. Бул багытта ченемдик-укуктук актыларды даярдап чыгуу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырма берилгенин Коопсуздук кеңештин катчысы Дамирбек Сагынбаев 14-мартта маалымат жыйынында билдирди.

"Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай, укук коргоо, сот жана көзөмөл органдарынын кызматкерлерине мүлкүн милдеттүү түрдө декларациядан өткөрүү боюнча ченемдик-укуктук актыларды даярдап чыгуу тапшырмасы берилген. Ошондой эле анда аларга жана үй-бүлө мүчөлөрүнө накталай түрдө 100 миң сомго чейин мүлк сатып алуусуна тыюу салуу каралып чыгат. 20 миң сомдон жогорку суммага керектүү мүлк алса, ал үчүн күбөлүк толтуруп, кадр кызматына өткөрүп бериши керек. Ал күбөлүк кызматкердин жеке документине тиркелет", - деди Сагынбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dosym
2018-03-14 15:47:15
100 минден ашыкчага алса боло береби ошондо
-1
amirrus
2018-03-14 18:40:22
тантырак кеп боло турган ишти кылсанар.Алар уже толтуруп койгон,мисалы аялы минген эле машинаны козунор корбойбу кеминде 10-15мин $ турат.Кудайга карап иш кылсанар
+2
talant87
2018-03-14 19:21:39
Мине алар башка бизнеси жокта а акчалуулар келет ал жерге анан чыгарата
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан