Көздүн ордуна 2 шишик менен төрөлгөн Табарактын көзүндө кареги жок. Бул тууралуу ымыркайдын атасы Асилбек Нуркамил уулу SUPER.KG порталына билдирди.
Туулганына 2 ай болгон Табаракты 14-мартта ата-энеси Оштон Бишкекке дарыгерлерге көрсөткөнү алып келишкен.
"Учурда Бишкектеги улуттук онкология борборунда балабызды текшерүүдөн өткөрүп жүрөбүз. Дарыгерлер, "балаңдын көзүндө кареги жок, көрөт деген үмүтүңдү үз" деди. Ал эми шишик боюнча дарыгерлер кандай болорун айтыша элек. Табарактын жүрөгүндө да кемтик бар дешкен, азыр кардиологго көрсөткөнү жатабыз", - деди Асилбек Нуркамил уулу.
Эске салсак, Асилбек Нуркамил уулунун 2 көзү тең көрбөйт. Ал үйлөнөрдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз издеп, 2012-жылы Жазгүл аттуу кызга үйлөнгөн. Улуу кызы Хафиза ден соолугу чың төрөлгөн, бирок сүйлөө жагынан аксайт. 2-кызы Басиранын да көзү азиз. 3-баласы Табарак көздүн ордуна 2 шишик менен төрөлгөн. Оштон Бишкекке келип, баласын ооруканага көрсөткөнгө акчасы жок, кыйналып жаткандарын айтып Нуркамил уулу SUPER.KG порталына интервью берген.