"Жөлөк пул тууралуу мыйзам күчүнө кирип төрөлгөн балага 4 миң сом берилсе, Жогорку Кеңештин VI чакырылышы тарыхта калат" дейт Жумабеков

"Жөлөк пул тууралуу мыйзам күчүнө кирип төрөлгөн балага 4 миң сом берилсе, Жогорку Кеңештин VI чакырылышы тарыхта калат", - дейт бүгүн, 14-мартта парламент жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков.

Жумабеков билдиргендей, өлкө эгемендүүлүк алгандан бери социалдык тармакта мындай реформа болгон эмес. "Сүйүнчү пул" берүү ишин Мамлекеттик каттоо кызматы аткарабы? Аталган кызматтан бул ишти алып салыш керек. Алардын мындан башка жумуштары көп. Паспорт бергенде кандай башаламандык болуп жатат. "Сүйүнчү пулду" бала төрөлгөндө төрөтканадан берүү зарыл", - деди спикер.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бул иш Мамлекеттик каттоо кызматына берилбегенин айтты. "Аталган кызмат баланын күбөлүгүн гана берет. Кээ бир райондордо "сүйүнчү пул" төрөт үйлөрүндө берилип жатат", - деди Султанбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
shankol88
2018-03-14 15:04:42
Ооруканада берилсе Ошерде иштеген доктурларга Кудай бериптирда шарт мынанча берсең бүтүрүп берем дейт да..Эх элгеле кыйын болду гоо...
+2
Jelezo
2018-03-14 15:10:59
Орустар төрт жүз элүү миң берип деле төрөтө албай жатат төрт миң менен тарыхда эмне деп каласыңар Атамбаевдин менчик депутаттары деп калышыңар мүмкүн
+2
nurik-jami
2018-03-14 15:33:02
Урматтуу Супер Инфо менин суроом ушул суйунчу пул жонундо суроомо жооп алып бериниздерчи. Суйунчу пулга документ тапшырылгандан кийин канча убакта суйунчу пулду алса болот экен. Биздин тапшырганыбызга бир ай болду дагы деле чыга элек экен. А бул жерде суйунчу пулду алып жатышат деп жатат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан