Швециялык фитнес-модель жана спортчу Ия Остергрен социалдык тармактарды өзүнүн узун буттары менен багындырууда.
Өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына 34 жаштагы модель күн сайын сүрөттөрүн жүктөп турат. Анын баракчасына азыркы тапта 141 миңден ашуун интернет колдонуучу катталган.
Иянын айтымында ал кичинекей кезинде өзүнүн арык дене түзүлүшүнөн жана узун буттарынан уялчу.
"Мындан бир нече жыл мурун мен спорт менен активдүү машыга баштагам. Анткени мени айланамдагылар дайыма өзгөчө буттарым үчүн шылдыңга алышчу. Андан соң Инстаграмда баракча ачып ал жакка күн сайын сүрөт киргизип жана жашоомдо болгон окуялар менен бөлүшө баштадым", - дейт Остергрен.
Мындан сырткары, ал интернет колдонуучулары менен өзүнүн диеталары жана машыгуулары тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп турат. Инстаграм аркылуу ал өзүнүн күйөөсү белгилүү бодибилдер жана спортчу Торбьорн менен таанышкан.
Азыркы тапта Остергрен Швециядагы эң бай моделдердин бири болуп эсептелет. Иянын бою 1 метр 78 сантиметр болсо, бутунун узундугу 1 метр 8 сантиметр.