Москвадагы "Лужники" стадиону дүйнөдөгү мыкты стадион деп аталды

Орусиянын Москва шаарында жайгашкан "Лужники" стадиону эл аралык стадиондор сынагында "Дүйнөнүн мыкты стадиону" сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сынактын калыстар тобу дүйнөдөгү мыкты архитекторлордон түзүлгөн. Алар бир нече багыттар боюнча баа коюшкан.

Сынактын жыйынтыгында, 1-орунду Орусиянын Москва шаарындагы "Лужники" стадиону ээлеген. 2-орунда Франциянын Париж шаарындагы "U Arena" стадиону жайгашса, 3-орунду АКШнын Атланта шаарындагы "Mercedes Benz Stadium" стадиону ээледи.

"Лужники" стадионунда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алгачкы жана финалдык беттештери орун алат.

Айта кетсек, 2018-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна карата "Лужники" стадионунда реконструкциялоо иштери орун алып, иштер 2017-жылы май айында бүткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
shankol88
2018-03-14 16:57:20
Урматтуу админ:Канча адам батат аянты канча ошолордуда айтып койсо жакшы болмок..
+3
take.kg86
2018-03-14 22:22:39
shankol88,81 миң адам батат
0
tyrgon
2018-03-14 17:17:27
shankol88 аны интерден карап ал )))
+2
Zainidin96
2018-03-14 23:03:32
Атланта стадиону жакты мага
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан