"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров эне менен балага байланыштуу маселелерди комплекстүү чечүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Жөлөк пул тууралуу мыйзамды кабыл алуу же четке кагуу экинчи маселе. Баарынан мурда, биз бул мыйзамдын долбоорун комплекстүү карашыбыз керек. 1 жарым миллион жакыр жараныбыз, 500 миӊден ашуун пенсионер, көптөгөн жөлөк пул алган балдар бар. Андан тышкары жылына 4 миӊден ашуун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала кошулуп жатыптыр. Өтө кооптуу жагдай. Жаӊы төрөлгөн балага сүйүнчү берүү жакшы демилге. Жылдык минималдуу кирешенин 900 сомдон көбөйтүлүшү дагы жакшы, бирок 1421 сом аздык кылат. Аны андан ары көбөйтүү жолдорун иштешибиз керек. Мамлекет эне менен балага камкордук көрүүгө милдеттүү. Анткени ден соолугу чыӊ, жашоо-турмушу камсыз болгон эне гана дени сак бала төрөйт. Дени сак бала - өлкө келечеги. Ошондуктан алардын көйгөйүн комплекстүү чечүү зарыл", - деди депутат.