2-апрелден тарта июнь айынын аягына чейин унааларды кайра каттоодон арзан баада өткөрүү кампаниясы жүргүзүлөт. Мындан улам Мамлекеттик каттоо кызматы кезек күтүүлөрдүн алдын алуу үчүн айдоочуларды унааларды каттоо бөлүмдөрүнө жалгыз келүүгө чакырды. Мекеменин маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында, каттоо бөлүмдөрүнүн имаратынын алдында тургандардын жарымы эле максатсыз турушат.
"2-апрелден тартып арзандатуу жолу менен кайрадан каттоо өнөктүгү башталса, кезек күтүүлөр көп болот. Ошондуктан биз айдоочуларды жалгыз келүүгө чакырабыз. Мисалы, 30 айдоочу каттоого келсе, ар бири бирден досун же коңшусун ээрчитип алат. Коштоп келгендердин кезекке турбаганы менен, адамдын санын көбөйтүп, имараттын ичин толтуруп коёт", - деди Эржигитов.
Ошондой эле ал унаасын ишеним кат менен гана алып жүргөн айдоочуларды унаасын өз атына өткөрүп алууга чакырды. "Унаа сатып алып, бирок өз атына өткөрбөй жүргөндөр бар. Айрымдары унаанын мурдагы ээси кайда экенин таппай калышат. Мындай учурда биз жардам бере албайбыз. Ошондуктан эртерээк өз атына өткөрүп алышканы жакшы. Болгону мурдагы ээсин ээрчитип келип арзан баада өзүнө өткөрүп алат", - деди Эржигитов.