"Татуаждын айынан эки кашымдан айрылдым, азыр анын орду катуу берч болуп калды" дейт Бишкекте кашына татуаж жасаткан кыз

Талкууга алынган сүрөтСоциалдык тармактарга тараган бул сүрөткө "татуаж жасатып рак оорусуна чалдыккан кыз" деген билдирүү жазылып, учурда талкууланып жатат. Чын эле ракка кабылганын тастыктаган маалымат азырынча жок. Билдирүү калтырган колдонуучунун айтымында, сүрөттү жана мындай маалыматты ал социалдык тармактардан көрүп жазган.

"Кашка жасалган татуаж рак илдетин жаратышы мүмкүнбү?" - деген суроо менен врач-дерматолог Мээрим Давлетовага кайрылдык.

"Негизи татуаж ракты чакырат деген туура эмес. Кандайдыр бир себептердин негизинде, мисалы организмде рак клеткалары козголсо, тукумунда тери рагы менен ооругандар болсо, кант диабети менен жабыркаса кашка жасалган татуаж ракка өтүп кетиши мүмкүн.

Мен кашыма өзүм эле татуаж кылгам. Туура эмес чийип алыптырмын. Өчүрүү үчүн лазер издеп, шаар боюнча сапаттуу лазер тапкан жокмун. Анан кымбаттыгына карабай өзүм жакшы лазер сатып алып, өчүрдүм.

Мисалы, кашка татуаж жасатуунун баасы 3000 сомго чейин, ал эми татуажды кетирүү 3000-5000 сом турат. Лазердик күйгүзүүгө бир эмес 5-8 жолу барышың керек. Лазер нуру менен татуажды өчүрүү өтө оор. Кадимкидей тери күйөт. Эгер сапатсыз лазер пайдаланылса тери рагы пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан татуаж жасатууда, аны өчүрүүдө косметологдун тажрыйбасына, лазеринин сапатына көңүл буруу кажет. Албетте, ар бир адам лазердин сапатын биле албайт, андыктан тааныштардан сурап, кардарларынан кеңеш алуу зарыл. Косметолог кардардын көзүнчө жаңы ийне, жаңы кол кап алып чыгып, анан ишти баштайбы ага да көңүл буруу керек.

Эгерде адам каштын өңүн кара кылып жасатса, татуаж өчө баштаганда каштын алдын көк, күрөң кылган болсо кызыл болуп калат", - дейт косметолог.

Татуаж жасатып аны лазер нуру менен өчүрткөн Назиранын (аты өзгөртүлдү) азыр кашы таптакыр жок. Өспөй калганына 2 жыл болду. Кашынын орду катуу берч болуп калган.

"Мындан 3 жыл мурун борбордогу сулуулук салондорунун биринен кашыма татуаж жасаткам. Бир жылдан кийин татуажды өчүрткөнү дагы бир салонго барып, лазер нуру менен өчүрткөм. Ал жерге 5 жолу бардым. Ошондон кийин кашым таптакыр өспөй калды. Кашымдын орду кызарып катуу берч болуп калды. Андан кийин карттанып сыйрылып түштү. Анын айынан чоң стресске кабылдым. Каштуу эле кыз болчумун, сулууланам деп жатып 2 кашымдан айрылдым. Азыр кашымды көрсөтпөй көкүлүм менен жаап жүрөм. Кашыма ийне тийгизгенден коркуп калдым", - дейт каарман.

Кашка татуаж жасатуу ракка айланып кетиши мүмкүнбү?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
bantik
2018-03-14 18:32:45
Антейин десен бул боеп, терип отурбайсын. Даяр нерсе экен. Озунун кашы менен жургон бир да ырчы таппасак керек азыр
-4
brave
2018-03-14 18:33:27
Куйоомо рахмат уруксат бербей койгонуна
+15
bantik
2018-03-14 20:45:40
brave,боорду эздин го
-6
ruskarakol
2018-03-14 18:35:00
молодец андан башка не дейм.
куноо болоорун билбесенер да озунордун жараткан кейпинер журбойсунорбу
башка жеринерге да татуаж,макияж жасатып алгыла демекчимин
+1
portugalia
2018-03-14 18:42:59
Кыздардын баары жасалма каш,кирпик жасатышып,тырмактары деги шеллак болуп,нукура сулуулуктан кабар калбады.
+9
Dalil
2018-03-14 18:47:13
Исламда татуаж эле эмес каш терүүгө да тыюу салынат. Кыз кезинде терилбеген каштары менен эле супсулуу кыздарыбыз чоңойгондо эмнеге жулуп салышат?
+6
gulmira12345
2018-03-14 18:57:37
Чала болуптур сага кудай берген каш менен журо бер исламдагы жок нерсени кылыпсын
+3
farida.kg.1991
2018-03-14 20:12:44
Татуаждын акчасына козу гриль жеген жакшы
+10
Kanzada97
2018-03-14 20:20:45
Альхамдулиллах ! Озум кашыма шугур.
+5
Seyitira8186
2018-03-14 21:54:10
Аллах берген сулуулука нараазы болуп.озгорткусу келгендер корсун.ар кимге сулуулукту берген.
+3
Janna07
2018-03-14 23:41:10
Ажап эле болуптур да! Сага бул да чала!
0
tular
2018-03-15 08:14:43
Муйуздуу болом деп кулактан ажыраптырсында...
+1
k.anara
2018-03-15 09:14:08
Болбогон нерсеге акча кетирип эмне кылат дейм да.Мен дагы каш,кирпик чаптатып коргон эмесмин.Азыр ырчы,бийчи даже кочодогу кыздардын баары окшоштой сезиле берет.Коздорундо торпоктукунан да узун кирпик,каштары капкара,анан кээбирлер чачтарын сарыга боёп алышат оздору капкара болсо деле. Салондорго жазылып тимеле ошолор жонундо суйлошкон группалаштарыма акчаны кайдан табасынар деп сурасам мамам берет дешет.Кандай эле кыздарга боёнгонго мамасы акча берет болду экен?
0
BarsBaatyr
2018-03-15 10:52:34
Башкаларга сабак болсун эми
0
Atyrgul84
2018-03-15 12:11:29
кудайдын жазасы... татуаж эмес даже каш терген чоооң күнөөөөөөө
0
uli0404
2018-03-15 17:49:14
Чала болуптур. Боёнгон кыздарга сабак болсун эми чачын кашын кыркып,жулуп жүргөн. эмне кылат деймда акчасын сарптап.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан