Япониянын Хасуда шаарындагы Сайтама аймагында XV-XVI кылымга таандык эң ири көлөмдөгү кенч табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Сайтама аймагында орто кылымдарга таандык, жакшы сакталган кумура табылып, анын ичинде 260 миң жез тыйын болгон.
"Учурда табылган кенч музейге өткөрүп берилген. Музейдин кызматкерлеринин айтымында аталган кенч Япониядагы эң ири табылга болуп саналат", - деп жазылат маалыматта.