Эртең, 15-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш старт алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясы билдирди.
Мелдешке жалпы эсепте 16 команда катышып, жарым чейрек финалдык баскычтан күч сынашып башташат. Жарым чейрек финалдык оюндар 15-16-мартта орун алып, 21-мартка чейин финалда катыша турган командалар аныкталат.
Жарым чейрек финалдык беттештердин тизмеси:
"Биримдик" - "Дөлөн"
"Ынтымак" - "Келечек"
"Арашан" - "Илбирс"
"Мурас" - "Казарман"
"Көк-Жал" - "Аафият"
"Толкун" - "Төш-Булак"
"Достук" - "Эмгек талаа"
"Четинди" - "Сары-Өзөн".
Өткөн жылы да Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү оюну кызуу өткөн. Ага келген көрүүчүлөрдүн темир конструкцияга чыгып алганы кооптуу абал делип, сынга алынган эле.