Эртең, 15-мартта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Казакстанга барат. Президент Астана шаарында өтө турган Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын биринчи консультациялык жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта өткөн брифинг учурунда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.
"Мамлекет башчыларынын жолугушуусунун негизги максаты – үзгүлтүксүз консультацияларды жүргүзүү жана эл аралык, аймактык өнүгүүнүн эң орчундуу маселелери боюнча пикир алмашуу. Мындан тышкары саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык, каржы-инвестициялык, транспорт-байланыш, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр болот", - деди Сыдыков.
Мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында Сооронбай Жээнбековдун Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган. Анда кыргыз-казак мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эки тараптуу күн тартибинин бардык маселелери боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкка дагы бир жакшы дем берүү болжолдонууда.
Белгилей кетсек, Борбордук Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусунун мындай форматын Өзбек президенти Шавкат Мирзийоев сунуштаган. Жолугушууга Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргыз президенттери катышат.