Чемпиондор Лигасы: Германиялык "Бавария" эки беттешинин жыйынтыгында "Бешикташты" 8:1 эсеби менен утуп, чейрек финалга өттү

14-марттан 15-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында түркиялык "Бешикташ" менен германиялык "Бавариянын" жооптук беттеши өттү.

Кызуу беттеш Стамбул шаарындагы "Водафон-Арена" стадионунда орун алды. 2015-жылдан бери европалык кубоктордо өз талаасында жеңилбей келген "Бешикташ" бул ирет 1:3 эсебинде утулуп калды. Эсеп санын 18-мүнөттө Тьяго Алькантара ачты. Ал Томас Мюллердин айып аянтчага багытталган пасын таамай сокку менен жыйынтыктап, атаандашынын дарбазачысына тосууга мүмкүнчүлүк берген жок. 2-таймдын алгачкы мүнөттөрүндө эсеп 0:2ге өзгөрдү. Анда түркиялык команданын оюнчусу Гекхан Гёнюл ката кетирип, өз дарбазасына гол киргизип алды. 59-мүнөттө "Бешикташ" эсепти 1:2 кылганга үлгүрдү. Түркиялык команданын чабуулчусу Вагнер Лав Бавариянын айып аянтчасында кароосуз калып, таамай сокку менен гол киргизди. 84-мүнөттө "Бавария" командасы оюнга чекит койду, алмашууга чыккан Сандро Вагнер чабуулду өзгөчө жыйынтыктап эсепти 1:3 кылганга үлгүрдү.

Муну менен германиялык "Бавария" эки беттештин жыйынтыгы менен 8:1 эсебинде жеңишке жетип, чейрек финалга аттанды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rasul94
2018-03-15 08:29:52
Бавария ото зордоп койду бешикташты.боору ачып мышыкка чейин келип калды
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан