Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолуна дагы кар көчкү түштү

Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолуна дагы кар көчкү түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, кар көчкү кечээ, 14-мартта саат 17:00дөр чамасында түшкөн.

"Кар көчкү түшкөндөн кийин эле ал жерге техникалар тартылып, тазалоо иштери башталган. Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери да ал жерде өз милдеттерин аткарып жатышат", - дейт Сатыбалдиев.

Айта кетсек, 13-мартта да Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолуна 2 миллион 500 метр куб кар көчкү түшүп, каттам жабылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aerforce
2018-03-15 09:11:53
Баарын атып тушурушпойбу бир тазалап
-1
Isco23
2018-03-15 09:15:55
aerforce,москвадан туруп алып суйлой берет экенсин да. Иштей бер да. Же МЧСке кирип ал ошончолук иштерман тез иштей турган адам экенсин
-3
aerforce
2018-03-15 10:23:01
Isco23,мен Москвада эмес ошол Бишкек Ош жолунан жумасына өтөм жайында көчкү жокто атымыш болушат ошол жерде уч төрт эле жерде кар көчкү тушкөн жер бар атып түшүрүп тазаласа болот ал МЧСтин жумушу эгер ошол жерде бир унаа өтүп жаткан мезгилде түшсө эмне болот? Анан өзү көчуп түшкөндү күтүп кийин мынча жолу аттык деп акчаны албай мамлекеттен
-1
uli0404
2018-03-15 17:37:28
Бир эле техникасы бар окшойтко булардын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан