14-марттан 15-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында испаниялык "Барселона" өз талаасында англиялык "Челси" футболдук клубу менен жооптук беттешин өткөрдү.
"Камп Ноу" стадионунда орун алган беттеште испаниялык команда ири эсепте жеңишке жетти.
Алгачкы мүнөттөрдөн баштап "Барселона" кооптуу чабуулдарды уюштурууга үлгүрдү. 3-мүнөттө испаниялык команданын чабуулу ийгиликтүү аяктады, Лионель Месси Луис Суарестин чыгарып берүүсүнөн кийин таамай сокку менен топту Куртуанын аласынан өткөрүп эсепти 1:0 кылды. 20-мүнөттө англиялык команданын оюнчулары атаандашынын бөлүгүндө топту алдырып жиберип, "Барселонага" контр-чабуулга чыкканга мүмкүнчүлүк берди. Лионель Месси коргоочуларды алдап өтүп, Усман Дембелеге мыкты пас чыгарып берди, Усман 10 метр аралыктан алыскы бурчка багытталган таамай соккусу менен эсепти 2:0гө айланта алды.
63-мүнөттө Хорди Альба атаандашынын чабуулун токтотуп, өз командасын контр-чабуулга багыттады. Луис Суарес чабуулду улантып Лионель Мессиге пас узатты, Месси сол канаттан коргоочуларды өтүп, кайрадан топту Куртуанын аласынан өткөрүп 2-голун киргизди. Эсеп саны 3:0 "Барселона" жеңишти майрамдап, Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына өттү.