АКШда таштанды таштоочу жайдан баасы 100 миң долларды чапчыган зер буюмдар табылган

АКШнын Жоржия штатындагы Гейнсвилл шаарында таштанды таштоочу жайдан баасы 100 миң долларды чапчыган зер буюмдар табылган. Маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Аталган шаардын тургуну бриллиант, кымбат баалуу шакек, билерик өңдүү зер буюмдарын таштанды салынган баштыкка салып, таштанды чыгаруучу унаага салып жиберген. Бирок баалуу буюмдарын жоготуп алганын таштандыны алып кеткенден кийин билген.

Ал тазалык жайына телефон чалып, зер буюмдарын таштандыга байкабай салып алганын билдирген. Мындай билдирүүдөн кийин тазалык мекемесинин 5 жумушчусу таштанды төгүлгөн жайдан бир нече саат дегенде жоголгон зер буюмдарды таап чыгышып, ээсине кайтарып беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
vikidiki
2018-03-15 08:11:17
Байкуш бир бомж таап алып, жыргаган экен деп кире калса.
+12
KRIMINAL
2018-03-15 13:55:02
5 саат издеп таап берсе жакшы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан