Интернетте адамдын жүзүнө окшош келбетке ээ болгон ит талкуу жаратууда

Интернетте адамдын жүзүнө окшош келбетке ээ болгон ит талкуу жаратууда. Иттин аты- Йожи, породасы - ши-тцу. Чет элдик басылмалардын жазып чыккандарына таянсак, иттин ээси Шанталь Дежардинс буга чейин жандыктын жүзү адамдын келбетине окшошуп кетерин байкаган да эмес. Ал гана эмес, социалдык тармактагы баракчаларына да Йожинин сүрөттөрүн жүктөгөндө, анын жүзүн эч ким адамдын жүзүнө окшоштурган эмес. Бирок социалдык тармактын башка колдонуучусу кокусунан Йожини кезиктирип, анын келбетин адамдыкына окшоштурган жана ошол замат телефонуна сүрөткө тартып, социалдык түйүндөрдүн бириндеги баракчасына жүктөгөн.
"Мен бул сүрөттү кандайдыр бир программанын жардамы менен жасаган жокмун. Өзүм көргөн көзүмө ишенбей, дароо сүрөткө тартып эле, баракчама жүктөдүм. Бул иттин келбети чынында эле адамдын келбетине окшош экен", - деген билдирүү калтырган.
Дал ушул колдонуучунун билдирүүсүнөн кийин итке кызыккандардан саны көбөйүп, ар ким өз ой-пикирлерин калтырышкан. Айрымдары иттин мындай көрүнүп калышына чач-тарачтын салымы чоң экендигин, себеби ал буга чейинки сүрөттөрүндө кадимки иттерден эч айырмасы жоктугун баса белгилешкен. Ал эми кээ бир колдонуучулар иттин ичине адамдын жаны кирип кеткен деген божомолдорун айтышкан.
Чач-тарачка барганга чейин
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Toliksynchy
2018-03-15 10:16:01
Ит туралуу маалыматтар кобойо берсин ит жылында
+2
RusMos76
2018-03-15 11:45:08
Адамдан качып калган окшойт да.
-5
Bekzamann
2018-03-15 16:06:55
окшош экен
-1
BakytAliev
2018-03-15 17:06:57
Чач тарач дейби атан гору
0
Bobina
2018-03-15 23:25:53
Окшош экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан