Орусия тыңчы Сергей Скрипалдын ууланышы боюнча Британиянын айыптоолорун четке кагып, иликтөө жүргүзүүгө даяр экенин айтты. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмундагы Орусиянын өкүлү Василий Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешинде билдирди.
"Биз иликтөөлөргө даярбыз, коркуп же жашыра турган эч нерсе жок. Бизди негизсиз, конвенцияларды сактабастан айыптап жатышат. Орусиянын бул окуяга тиешеси жок", - деп айткан Небензя.
Белгилей кетсек, буга чейин Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Солсбери шаарында тыңчы жана Орусиянын мурдагы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Скрипал менен кызынын ууландырылышына байланыштуу 23 орусиялык дипломатка бир аптанын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүсүн айткан. Тереза Мэй Британия Орусия менен дипломатиялык мамилелерин үзө турганын билдирген.